Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:44

АКШ Сенаты каржылык реформа тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды


Бейшембиде АКШ Сенаты өлкөдөгү каржы системасын жөндөөгө багытталган жаңы мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен кабыл алды. Президент Барак Обама сунуштаган бул мыйзамдык долбоор үчүн 98 сенатордун 50у жактап добуш берди, 39у каршы болду.

Бул реформанын максаты – 2008-жылдагыдай каржы кризисине жол койбоо үчүн жана салык төлөөчүлөрдү оор акыбалга калтырбоо үчүн каржылык компанияларын көзөмөлдөөнү күчөтүү.

Эми бул мыйзам долбоору Конгресстин Өкүлдөр палатасы кабыл алган долбоор менен бириктирилүүгө тийиш. Бул мыйзам долбоору АКШдагы банктарды жана башка каржы компанияларын тескөө жаатында 1930-жылдардагы Улуу Чөгүү доорунан берки биринчи олуттуу мыйзамдык чара катары бааланууда.

XS
SM
MD
LG