Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Транзиттик борбор боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болот


Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Фарид Ниязовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда “Манас” аба майданындагы Транзиттик борбордун учактарынын күйүүчү майларынын баасын кайра кароо маселесин кыргыз тараптан Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары Азимбек Бекназаров көтөргөн.

“Бул маселе боюнча АКШ өкмөтү менен Убактылуу өкмөт эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзөт. Убактылуу өкмөт башчысынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев Түркиядагы иш сапарынан келгенден кийин Транзиттик борбордогу учактардын күйүүчү май маселесине комментарий берет”,- деди Ф.Ниязов.

“Манастагы” Транзиттик борбордун коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмүнүн башчысы, АКШнын аба күчтөрүнүн майору Жон Илоф КС-135 үлгүсүндөгү күйүүчү май куюучу учактар убактылуу башка жакка которулганын, Транзиттик борбор Ооганстандагы коалициялык аскер күчтөрүн колдоо боюнча иштерин улантып жатканын “Азаттыкка” билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG