Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Ошко гуманитардык жардам жүктөлгөн учак кетти


Убактылуу өкмөттүн социалдык иштер боюнча орун басары Эльмира Ибраимова Оштогу тополоңдо жабыркагандарга гуманитардык, медициналык жардам көрсөтүү, азык-түлүк менен камсыз кылуу жана социалдык мекемелердин ишин координациялоо үчүн Ошко учуп кетти. “Манас” аэропортунун администрациясы билдиргендей, гуманитардык жардам жүктөлгөн бул учак менен жаңы дайындалган Кубатбек Байболов (Улуттук коопсуздук кызматынын катчысы, Жалал-Абад шаарынын коменданты) жана Өмүрбек Суваналиев (Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси) дагы кызматтык милдеттерин аткарууга киришүү үчүн Ошко учуп кетишти. (GA)

XS
SM
MD
LG