Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Өмүрбек Текебаев АКШнын расмий өкүлү менен жолукту


Убактылуу өкмөт мүчөсү Өмүрбек Текебаев бүгүн АКШ мамкатчысынын Борбор жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк менен жолугушту. Тараптар өлкөнүн түштүгүндөгу кырдаал, референдумга даярдыктар жана Кыргызстанды демократиялаштыруу маселелери боюнча пикир алмашты. Текебаев ушу күндөрү референдум өткөрүү өлкөдөгү кырдаалды турукташтырып, саясий кризисти жөнгө салат деген ишеничин билдирди. Референдумду жылдыруу демилгесин Башмыйзамды реформалоого каршы чыккандар көтөрүүдө деп Текебаев убактылуу өкмөт добуш берүүнү оңойлотуу боюнча чараларды көрүп, декрет кабыл алынганын билдирди. Блейк өз кезегинде түштүктөгү окуяларды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын түзүлүшүн колдоого алды. Блейк АКШ Кыргызстанга 32 млн. доллар эсебинде гумжардам кылаарын билдирди. Бул тууралуу бүгүн убактылуу өкмөттун басма сөз кызматы билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG