Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Сынга карабастан Пакистандын президенти Британияда сапарын улантууда


Асиф Али Зардари Лондонго кечээ Франциядан келди, Британиядагы беш күндүк сапары учурунда ал өкмөт башчысы Давид Камерон жана башка жетекчилер менен сүйлөшүү жүргүзөт. Камерон Пакистанга «террорчулукту экспорттоп жатат» деп кине койгон эле. Зардари ага мындай кинеге анын өкмөтү эмне үчүн нааразы экендигин түшүндүрүүнү көздөөдө. Зардари Пакистанда масштабдуу суу ташкында бир жарым миң киши каза таап, 3 миллиондон ашык киши жапа тарткан кырсыктын маалында чет өлкөдө саякаттап жүргөндүгү үчүн сынга алынууда.

XS
SM
MD
LG