Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:20

К.Бакиевдин жакындарынын бири кармалды


Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери массалык башаламандыктарга тиешеси бар деген шек менен 7-августтан 8-августка караган түнү Казакстанга чектеш “Ак Жол” өткөрмө бекетинде бир адамды кармады. УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ал 1981-жылы туулган, Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун тургуну. Шектүү деп кармалган адамдын аты айтылган жок. Анын мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тууганы Санжар Бакиев менен жакын мамиледе болгону кабарланууда.

Маалыматка ылайык, кармалган адам 10-17-апрель аралыгында С.Бакиевден АК-41 үлгүсүндөгү автомат алып, ошол кезде Жалал-Абадда жүргөн Курманбек Бакиевди коргогон. Иликтөө иштери шектүү деп кармалган адам 13-14-майдагы башаламандыктарга катыштыгы болгонун көрсөткөн. Ал Казакстанга, андан ары Москвага качып бара жаткан жеринен кармалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG