23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата Бишкектин ар кайсы окуу жайларында иш-чаралар уюштурулууда. Мындай жыйын бүгүн Кыргыз-Орус Славян университетинин алдындагы архитектура колледжинде болду. Иш-чара “Кыргыз тилин барктайбыз, кыргыз тилинде бардыгыбыз сүлөйбүз” деген аталышта өтүп жатат. Мындай жыйындар эртең да уланмакчы. Мамлекеттик тил майрамына арналган жыйын бүгүн Ош шаарында да уюштурулду. (КЕ)