Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Пилотсуз учактын чабуулунда пакистандык «немис согушкерлери» каза болду


Америкалык пилотсуз учактыкы деп шектелген чабуулда сегиз согушкер, анын ичинде Германиянын атуулдары набыт кеткени кабарланууда. Жергиликтүү коопсуздук кызматкерлери билдиргендей, талиптер жана ал-Каида менен алакалаш козголоңчулар жашынган Түндүк Вазиристандагы Мир Али кыштагындагы үйгө эки ракета келип тийген. Акыркы бир айда 20дан ашык ушул өңдөңгөн чабуулдарда 120 чакты киши өлтүрүлдү. Бүгүнкү чабуул АКШ менен Британиянын “террордук чабуул” коркунучу тууралуу эскертүүсүнө Жапония менен Швеция кошулган мезгилге туура келди. Аталган өлкөлөр өз жарандарына Европага барбоого эскертүү беришти. Америкалык чалгын булактарынын болжолунда, европалык ири шаарларда террордук акцияларды Пакистанда жашынган согушкерлер уюштурушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG