Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Нарында “Ата Журт” партиясына каршы акция болду


8-октябрда Нарын шаарынын борбордук аянтында жергиликтүү тургун Канайым Бердибаева "«Ата Журт» партиясына жол жок", "Ташиевге, Тулеевге жаза" деген жазуулар менен аянтка чыкты. Ага онго чукул санаалаштары келип кетип жатышты.К. Бердибаева “Ата Журт” партиясынын кеңсесинде 6-октябрдагы окуядан кийин «Мекен шейиттери», «Айкөл Ала-Тоо» коомдук уюмдарынын өкүлдөрүнө карата эмне үчүн иш козголушу керек деп нааразы болгондугун билдирди. Акцияга чыккандарга облустук акимчиликтин жана шаардык мэриянын аппарат жетекчилери байкоо салып кетишти. Аны менен ЕККУнун узак мөөнөттүү байкоочулары да жолугушту. (JI)

XS
SM
MD
LG