Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Акыйкатчы Нарындагы мурдагы өкүлүн сотто утуп алды


Нарын шаардык соту бүгүн акыйкатчы Турсунбек Акундун өтүнүчүн карап, аны канааттандырган чечим чыгарды. Турсунбек Акун Акыйкатчы институтунун Нарындагы мурдагы өкүлү Зуура Үмөталиеваны "жалган жалаа жапты" деп 5 миң сом айыпка жыгууну жана анын айткандарын жарыялаган "Акипресс", "24.кg" маалымат агенттиктерин бул маалыматты кайра төгүндөөгө милдеттендирүүнү өтүнүп, сотко кайрылган болчу. Акыйкатчы сот жараяны учурунда Зуура Үмөталиеванын пенсионер экенин эске алып, андан 5 миң сом алуудан баш тарткандыгын “Азаттыкка” өзү билдирди.

Жай айларында акыйкатчынын Нарындагы мурунку өкүлү Зуура Үмөталиеванын "Турсунбек Акун укугун коргоп бергени үчүн элден акча алат" деп айыптаганын айрым маалымат каражаттары жазып чыгышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG