Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Ош базардын жанындагы дүкөндөрдү алуу убактылуу токтотулду


Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынын билдиришинче, Ош базарынын жака-белиндеги соода түйүндөрдү алуу боюнча шаар жетекчилигинин чечими убактылуу токтотулду. Чечимдин токтотулушуна бул маселенин кошумча каралып, иликтенип жатканы себеп болду. Буга чейин шаар бийликтери соода түйүндөр бүгүн, 17-январдан тарта алына баштарын билдирген.

14-январда Ош базардын жанындагы соода түйүндөрдө иштегендер Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акцияга чыгышкан. Маселе парламентте талкууланып депутаттар Ош базарынын тегерегинде соода түйүндөрүн, контейнерлерди жана павильондорду бузбай туруу боюнча Бишкек шаар мэриясына сунуш жолдогон. Бул маселени териштирүү максатында парламенттеги ар бир фракциядан бирден адам кирген комиссия түзүлгөн. Комиссия 30-январга чейин аткарган ишинин жыйынтыгы тууралуу Жогорку Кеңешке маалымат берүүсү тийиш. (EBM)

XS
SM
MD
LG