Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:09

Европарламент беларус бийликтерин айыптады


Бүгүн кабыл алган резолюциясында Европарламент Беларуста өткөн айда талаштуу президенттик шайлоонун соңунан орун алып жаткан куугунтуктоолорду айыптады. Ага катар шайлоону кайра өткөрүүгө чакырып, ал “эркин жана демократиялуу” болушу керектигин белгиледи. Резолюцияда Беларустун жогорку даражалуу расмий өкүлдөрүнө биримдиктин өлкөлөрүнө каттоосуна салынган тыюуну калыбына келтирүү, экономикалык санкцияларды киргизүү чакырыгы да айтылды.

Мунун алдында америкалык алты белгилүү сенатор, анын ичинде Жозеп Либерман, Жон МакКейн, Ричард Лугар Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштонду АКШ менен биримдик Беларуска каршы биргелешкен чара көрүүсү керектигине токтолгон.

Катта сенаторлор трансатлантикалык чаралар адам укуктарынын тебелениши, добуштардын бурмаланышы, оппозициядан президенттикке талапкер болгондордун али камакта жатышы үчүн жоопкер президент Лукашенкого жана Беларустун башка расмий өкүлдөрүнө реалдуу жана олуттуу кесепеттерин тийгизүүсү керек. Сенаторлордун айтымында, андай чаралардын алкагында президент Лукашенкого жана башка расмий өкүлдөргө каршы, Беларустун мамлекеттик мунай компаниясы менен иштешүүгө тыюу салынышы керек. Сенаторлор ошондой эле Беларустагы жарандык коомду жана адам укугун коргоочу топторду колдоону күчөтүүгө үндөшкөн.

XS
SM
MD
LG