Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Абактагы укук коргоочуга чех уюмунун сыйлыгы ыйгарылды


Кыргызстандык теги өзбек коргоочу Азимжан Аскаровго Чехиянын "Муктаждыктагы адамдар” деген бейөкмөт уюмунун "Хомо Хомини" сыйлыгы ыйгарылды. Сыйлык 8-март күнү Прага шаарында, адам укуктары боюнча тасмалардын “Бир дүйнө” фестивалынын ачылышында Азимжан Аскаровдун уулу Шерзоддун колуна тапшырылды. “Муктаждыктагы адамдар” уюмунун башчысы Шимон Панектин айтымында, Азимжан Аскаров “өтө татаал кырдаалда адам укуктары үчүн күрөшүп, өзүнүн адаттан тыш каармандыгын көрсөтө алды”.

Азимжан Аскаров Кыргызстанда былтыркы улут аралык жаңжал учурунда милиция кызматкерин өлтүрүүгө, массалык башаламандык уюштурууга катышы бар деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган. Бирок Жогорку Сот азырынча Аскаровдун иш боюнча соңку сөзүн айта элек. Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары сот өкүмүн айыпташкан. Азимжан Аскаровдун адвокаты ал ак жерден абакка түшкөнүн айтып, ага коюлган айыптар менен макул эместигин билдирип келет. (UE)

XS
SM
MD
LG