Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Евробиримдик: Сирияга куралга эмбарго жарыялайт


Сирияда тынчыбай уланып жаткан массалык толкундоолрдун айынан курал-жаракты чектөө шейшембиден тарта күчүнө кирет. Буга чейин сириялык 13 өкмөттүк аткаминерге Еврошаркеттин аймагына кирүүгө тыюу салынып, алардын чет жактагы банк эсептери тоңдурулган.

Соңку маалыматтарда Дамаск шаарынын жака белинде өкмөттүк күчтөр танктар менен оппозициянын тарапкерлерин кууп таратуу аракетин көргөнү айтылууда. Укук коргоочу активисттер 8 жумадан берки өкмөткө каршы демонстрацияларда 600дөн ашуун киши өлүп, миңдегендер жарадар экенин билдирет.

Президент Башар ал-Ассад армияны танктар менен көтөрүлүштү басууга буюрганы кабарланган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG