Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

“Мегакомго” жаңы директор дайындалды


“Мегаком” байланыш операторунун басма сөз кызматы "Азаттыкка" маалымдагандай, компаниянын ээси - “Альфа Телекомдун” башкы директору болуп кайрадан Азамат Мурзалиев дайындалды. Маалыматка ылайык, 28-майда "Альфа Телекомдун" акционерлеринин жыйыны өтүп, анда башкы директорду дайындоо маселеси талкууланган.

“Альфа Телекомдун” директорунун милдетин аткаруучу Азамат Мурзалиев “Мегакомдун” тегерегиндеги маселелер чечилгиче кызматтан кете тургандыгын айтып, 16-мартта өз ыктыяры менен арызын жазган болчу. Анын ордуна “АлиппеТВ” компаниясынын башкы директору Алмаз Абеков дайындалган эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG