Линктер

шейшемби, 30-май, 2017 Бишкек убактысы 07:45

Пакистан армиясы 23 аскерин жоготту


Пакистандын Ооганстан тарабындагы аскердик бекетте болгон салгылашууда бери дегенде 23 аскер жана 35 согушчан катардан чыкканы ырасмий маалымдалды. Уруш 1-июнда Ооганстандан кирген 200дөй согушчан Жогорку Дир районундагы Шалталу бекетин курчап алганда башталып, бүгүн 2-июнда түштөн кийин токтогон.

Пакистан полициясы чек ара бекетиндеги кырдаал азыр аскерлердин көзөмөлүндө экенин билдирди.

Эки жыл мурда Пакистан армиясы түндүк батыштагы Малаканд регионунда, анын ичинде Жогорку Дир районунда талиптерге каршы согуш ачканда, жүздөгөн эрегишчилер Ооганстанга өтө качышкан.

XS
SM
MD
LG