Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:45

Эркин күрөш боюнча Кожомкулдун байгесине арналган мелдеш башталат


Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтө турган бул мелдешке Польша, Орусия, Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн тандалган 300дөй балбан мөрөй талашканы турат. Эл аралык мелдештин расмий ачылышы бүгүн саат төрттө өтөт.

Кожомкулдун байгесине арналган эркин күрөш боюнча бул мелдеш быйыл 49-жолу өткөрүлүп жатат. Биринчи мелдештин жеңүүчүлөрүнүн катарында маданиятка эмгек сиңирген ишмер, биринчи спорт чебери Сарыгул Чекиров болгон. (KKs)

XS
SM
MD
LG