Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Роналд Рейганга Лондондо да эстелик орнотулду


4-июль - АКШнын күнкорсуздугу күнү мурдагы президент Роналд Рейгандын эстелиги Британияда ачылды. Лондондогу АКШ элчилигинин алдына орнотулган эстеликтин бийиктиги үч метр.

Салтанатка мурдагы премьер-министр Маргарет Тетчер ден соолугуна байланыштуу келе албады. Ошон үчүн Тетчердин сөзүн Британ тышкы иштер министри Уильям Хейг окуп берди. Хейг өз сөзүндө Рейганды “Американын улуу уулдарынын бири жана XX кылымдын тарыхындагы алп” деп сыпаттады.

Өткөн жумада Чехиянын борбору Праганын бир көчөсүнө Рейгандын ысмы ыйгарылган жана Венгриянын байтакты Будапештте АКШнын мурдагы президентинин айкели орнотулган. Бул иш-чаралар Рональд Рейгандын 100 жылдыгына арналып өтүүдө.

XS
SM
MD
LG