Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:15

Чукул кабар: Сел коркунучу сакталууда


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 20-июлга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүү коркунучу бар.

20-июлда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт. Жаан көбүнесе Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33, Талас облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32, Баткен облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26, Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -1…+4 градус, күндүз 9…14 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Бишкекте жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 30…32 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG