Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Кыргызстандык мушкер коло байгелүү болду


21-июлда Алматыда кыргызстандык эмгек мигранттары Курманжан датканын 200 жылдыгына арналган спорттук мелдештерди өткөрүштү.

Санкт-Петербург шаарынан бокс боюнча эл аралык турнирден кыргызстандык жигиттер кайтып келишти.

13-Азия оюндарынын коло байге ээси, жаштар командасынын улук машыктыруучусу Таалайбек Кыдыралиев Санкт-Петербургдагы бокс таймашында кыргызстандык жигит Мирбек Шеров коло байгелүү болгонун “Азаттыкка” маалымдады.

Эл аралык мелдештерде таанылган жаш булгаары мээлей чеберлери августта Түштүк Кореяда өтө турган дүйнө биринчилигине барууга соңку даярдыктан өтүүдө.

Мушкерлер - Кытайда

Учурда бокс боюнча Кыргызстандын тандалма командасы Кытайдагы Ак-Чий шаарында өтүп жаткан эл аралык мелдешке катышууда.

Спортчуларды башкы устат Адылхан Бекболотов баштап барды.

Алматыда мигранттар таймашууда

21-июлда Алматыда кыргызстандык эмгек мигранттары Курманжан датканын 200 жылдыгына арналган спорттук мелдештерди, улуттук оюндарды өткөрүштү.

Кыргызстандык мигранттар волейбол, кыргыз күрөшү, улуттук оюндар боюнча мөрөй талашууларга катышканын “Азаттыкка” Алматыдагы кыргыз маданий борборунун теңтөрагасы Алтынбек Сыдыков билдирди.

Жеңүүчүлөргө Тышкы иштер министрлигинин Алматыдагы башкы консулдугу, Миграция жана калкты ишке орноштуруу министрлиги баалуу сыйлыктарды, дипломдорду тапшырды.

Кыргызстан - Өзбекстан футболдон беттешет

21-июлда футбол боюнча Кыргызстандын тандалма командасы Ташкент шаарына барды.

23-июлда Ташкенттин “Пахтакор” стадионунда 2014-жылы боло турган дүйнөлүк чемпионатына талапкерлерди иргеп алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Өзбекстан тандалма командаларынын биринчи беттешүүсү болот.

Жооп иретиндеги экинчи беттешүү 28-июлда Бишкекте өтөт. Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун пикиринде, Өзбекстандын командасынын даярдыгы мыкты.

Балбандар Украинага, анан Польшага

21-июлда эркин күрөш балбандары Украинада өтө турган эл аралык турнирге жөнөп кетишти.

Алар менен кошо кыргызстандык калыс Саитдин Азизбаев Украина жана Польшада өтө турган эл аралык мелдештерге калыстык кылуу үчүн баратканын “Азаттыкка” айтып берди.

-22-июлда Киевде өтө турган эл аралык эркин күрөш мелдешинде калыстык кылам. Андан кийин 29-июлдан 7-августка чейин Польшанын Познань жана Рада шаарларында өтө турган мелдештерге калыс болгону баратам.

Шевченколор Брендин ардактуу жарандары

Кыргызстандык спортчу кыздар Валентина жана Антонина Шевченколор Перу өлкөсүнүн Брен шаарынын ардактуу жарандары болуп калышты. Бул тууралуу тай боксу (муай-тай) федерациясынын президенти Елена Белова билдирди.

Тай бокс боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиондору Антонина жана Валентина Шевченкого Брен шаарынын ардактуу жарандары деген салтанат Перунун борбор шаары Лимада өттү. Аларга шаардын символдуу ачкычы жана жарандык медалдар ыйгарылды. Ошондой эле, бир туугандардын машыктыруучусу Павел Федотовго да Брен шаарынын алтын медалы тапшырылган.

Кыргызстандык чемпион кыздар акыркы үч айда Перудагы беш эл аралык мелдешке катышып, аларды жеңип, чеберчилигин көрсөткөн.

Жаш балбандар дүйнө биринчилигинде сыналат

21-июлда грек-рим күрөшүнөн уландар командасынын курамы такталып, Румынияда өтө турган дүйнө биринчилигине аттаганы турушат.

Бухарестте 26-июлда баштала турган дүйнөлүк таймашка өлкө намысын 7 жаш балбан коргойт.

Жеңил салмакта Батырбек Курмангазиев, орто женил салмакта Элдияр Бегалиев, Кубанычбек Алтымышев, Аман Мелис уулу баштаган жигиттер байгелүү орунга жетип калышы мүмкүн дейт өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Раатбек Мамбетов.

Жамийла - чейрек финалда

21-июлда Ташкентте өтүп жаткан эл аралык теннис турниринде жеке таймашта бишкектик Жамийла Дүйшеева чейрек финалга чыкты. Ал алгачкы беттешүүлөрдө грузиялык жана орусиялык атаандаштарын утуп алды.

Жамийла жуп болуп мөрөй талашууда өнөгү Анна Морозова экөөнүн жолу болбоду. Жуп болуп ойноодо кыргызстандык Алина Харитонова менен өзбекстандык Кристина Жамалова да чейрек финалда ойноого жолу ачылды.

Жел кайыктан дүйнөлүк таймаш

Учурда Франциянын Ля-Рошели шаарында парус спортунан дүйнө чемпионаты өтүүдө.

Мында кыргызстандык 18 жаштагы Илья Игнатьев өлкө намысын коргоп жатат. Дүйнө таймашууларынын жеңүүчүлөрү 31-июлда аныкталат.

Кемел Токабаев - футбол комиссары

Футболдон Азиянын чемпиондор лигасындагы оюндарга калыстык кылган бишкектик Кемел Токабаев 2014-жылкы дүйнө чемпионатына талапкерлерди тандоо мелдештерине комиссар болуп дайындалды.

Ал 23-июлда Сингапурда өтө турган Малайзия менен Сингапур командаларынын беттешүүсүн көзөмөлгө алат.
XS
SM
MD
LG