Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:41

Ооганстанда губернатор кеңсесине кол салуу болду


Ооганстандын Парван вилаетинин губернатор кеңсесине болгон кол салуудан кеминде 16 киши набыт кетип, 30га жакыны жарадар болду. Өлгөндөрдүн көбү өкмөттүк кызматкерлер экени кабарланууда.

Алгачкы маалыматтарда 6 жанкечти жана куралчан топ өкмөттүк имараттар орун алган комплекске чабуул коюшканы айтылган. Күбөлөр катуу жардырууну үнү угулганын ырасташууда. Парвандын губернатору Абдул Басир Саланги кол салуу жыйын өтүп жаткан кезде болгонун билдирди. Былтыр талиптер Ооганстандын Пакистан менен чектешкен аймактарында өкмөттүк мекемелерге жапырык жасаган учурлар көп болгон. Кабулдан 1 сааттай алыс жайгашкан Парван тынч чөлкөмдөрдүн бири болуп эсептелчү.

XS
SM
MD
LG