Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:04

Италияны иш таштоо сегиз саатка "токтотту"


Италияда он миңдеген жумушчулар өкмөттүн бюджеттик чыгымдарды кыскартуу планына каршы иш ташташты. Өлкөдөгү эң чоң кесиптик союз уюштурган акция коомдук транспорттун ишин, аба, темир жол жана деңиз каттамдарын сегиз саатка токтотту. Туристтер көп барчу музейлер менен галлереялар жабылып, ооруканалар менен почта байланышы жарым-жартылай иштөөдө. Премьер-министр Силвио Берлусконинин кабинети финансылык рынокто туруктуулукту камсыздоо жана улуттук бюджетти баланстоо максатында чыгымдарды 45, 5 миллиард еврого кыскарткан план долбоорун сунуш кылган.

XS
SM
MD
LG