Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:19

Күйүүчү май аткезчилигине бөгөт коюу штабы түзүлдү


Мындай токтомго өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев кол койгону 9-сентябрда маалым болду. Күйүүчү май аткезчилигине бөгөт коюу боюнча Координациялык штабдын негизги милдети –күйүүчү майды мыйзамсыз экспорттоону кыска убакыттын ичинде токтотуу.

Өкмөт башчынын токтомуна ылайык, штаб күйүүчү май аткезчилигине каршы күрөшүү боюнча өкмөт токтомунун аткарылбай жатканынын себептерин иликтеп, мунайдын чек арадан мыйзамсыз чыгарылуусунун алдын алат. Мындан тышкары мунай заттарынын сыртка чыгышын иликтөөчү жана чек арада сатуу-сатып алуу боюнча мыйзамсыз жүргүзүлгөн келишимдерди аныктоочу атайын оперативдүү топ түзүүгө милдеттендирилди. Мындай топ түзүүдө штабга күч жана фискалдык кызматтар көмөктөшөт, ал эми УКМКга күйүүчү май аткезчилиги менен шугулданган кылмыш топторун, жана алар менен кызматташкан мамлекеттик аткаминерлерди табуу иши жүктөлгөн. Экономикалык тескөө министрлиги кыска убакытта аймактардын күйүүчү майга болгон талабын аныктап чыгышы керек.
Координациялык штаб жетекчилигине өкмөт аппаратынын коопсуздук, тартип жана коргонууну камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Алик Мамыркулов дайындалды. Өткөн жумаларда Кыргызстандан Тажикстанга аткезчилик жол менен күнүнө 800 тоннага чейин күйүүчү май чыгып жатат деген маалымат айтылып, буга кызыкдар тарап катары коалициялык өкмөттөгү эки партия: “Ата Журт” жана “Республика” партиялары деген сын пикирлер айтылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG