Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Атамбаевдин ыйгарым өкүлү БШК дооматтарын четке какты


“Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев күн мурда үгүт жүргүзө баштады” деген БШКнын дооматын Атамбаевдин ыйгарым өкүлү Индира Жолдубаева четке какты. “Азаттыкка” курган маегинде ал бул тууралуу Боршайком эскертүүсү талапкердин штабына расмий түшө электигин билдирди. Жолдубаева Атамбаев талапкер катары эмес, өкмөт башчы катары милдеттерин аткарып, бул иштерди ММК чагылдырып жатканын айтты.

Буга чейин “Прогресс” кору президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев административдик ресурстарды колдонуп жатканын айтып, БШКдан бул багытта чара көрүүнү талап кылган. (ЕК)

XS
SM
MD
LG