Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:47

Евромейкиндик стабилдүүлүк корун дагы көбөйтөт


Евромейкиндик финансылык каатчылыктан сактануу үчүн Европанын финансылык стабилдүүлүк фондунун корун дагы көбөйтүүнү пландаштырууда. Евробиримдиктин финансы комиссары Олли Рейн немистердин “Die Welt” гезитине басылган комментарийде уюшма Стабилдүүлүк фондун дагы кубаттуу кылып, анын укугун кеңейтүүнүн мүмкүнчүлүгүн ойлонуштуруп жатканын айтты.

Июлда евромейкиндик стабилдүүлүк кору 440 миллиард евро (590 млрд. АКШ доллары) насыя бергендей болсун деп макулдашкан. Би-Би-Синин маалымдашынча, береги кор Грекия өкмөтүнүн олчойгон карызынын теңин кечүү үчүн 2 триллион еврого чейин жеткирлиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG