“Кыргызгаз” ачык акционердик коому “Казмунайгаз” акционердик коому менен келишим түзүп, газдын миң кубун 195 доллардан сатып алмай болду. Эки тарап 300 млн долларлык көлөмдөгү газга келишим түздү. Бул тууралуу Энергетика министри Аскарбек Шадиев “Азаттыкка” билдирди. Министрдин айтымында, Кыргызстан буга чейин “Устрансгаздан” миң кубун 278 доллардан алып келген болсо, төртүнчү кварталдан тартып, өзбек тарап газдын баасын 310 долларга чейин көтөргөн. Октябрь айынан тарта элге газдын баасы арзандай тургандыгын Шадиев белгиледи. Бирок Кыргызстандын түштүк аймагынын керектөөсүн жабыш үчүн өзбек газын алуу улана берет. (ZB/RK)