Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Шайлоодон четтеген талапкер бюллетенден алынбайт


Шайлоочулардын добуш берүү бюллетендерин басуу аяктоо алдында турат. Бюллетендер "Учкун" басмасында 10-окятбрдан бери басылууда. Президенттик шайлоого 2 миллион 870 миң шайлоо бюллетени басылып, шайлоого он күн калганда участкалык шайлоо комиссияларына жеткириле баштайт.

БШКнын айтымында, үгүт маалында президенттик жарыштан баш тарткан талапкерлердин ысымдарын бюллетенден алып салуу мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан алар добуш берүү башталар алдында кол менен чийилип салынат.

Үгүт маалында талапкердиктен баш тарткан Нариман Түлеевдин, Исхак Масалиевдин, Шамшыбек Медетбековдун арыздарын БШК канааттандырган. Ал эми коомчулукка билдирүү жасаган талапкер Акылбек Жапаровдун арызы БШКга түшө элек. БШК талапкердиктен баш тартуу тууралуу арыздарды добуш берүүгө үч күн калганга чейин кабыл ала берет. Президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген. (ЕК/BuS)

XS
SM
MD
LG