Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

Тунис ушул жекшембиде парламентин шайлайт


Быйылкы "араб жазы" дал ушул Тунистен башталган, 12-январь, 2011
Быйылкы "араб жазы" дал ушул Тунистен башталган, 12-январь, 2011
Өкмөт башчы Бежи Каид Себси тунистиктердин баарын ушул жекшембиде өтчү парламенттик шайлоодо “эч нерседен коркпой, эркин добуш берүүгө” чакырып, анда көз боемочулук, добуштарды уурдоо болбой турганын айтты. Тунисте 217 орундуу парламент конституцияны кайра жазып, өкмөттү курай турган президентти тандашы керек. Кабарларга караганда, шайлоодо исламчыл “Эннахда” партиясы утушу мүмкүн.

Бул - айтылуу “араб жазын” баштан кечирген өлкөлөрдөгү алгачкы шайлоо. Жакырчылык менен коррупцияга каршы массалык толкундоолор быйыл январда Тунистин 23 жылдан берки мамлекет башчысы Бен Алинин бийликтен кетиши менен аяктаган. Бен Али Сауд Арапстанга качып кеткенден кийин египеттиктер Хосни Мубаракты бийликтен кулатышты. Ливияда болсо НАТОнун колдоосу менен оппозиция Муаммар Каддафини жеңди.

XS
SM
MD
LG