Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Түркмөн президентине “Баатыр” наамы ыйгарылды


Гурбангулы Бердымухаммедовго мындай наамды ыйгаруу чечимин бүгүн өлкө парламенти кабыл алды. Парламент төрайымы Акжа Нурбердиеванын айтымында, Бердымухаммедовду “Баатыр” намына Түркмөнстандын алты жүз адамдан турган Аксакалдар кеңеши президенттин өлкөнүн көз карандысыздыгына кошкон салымы үчүн көргөздү.

Гурбангулы Бердымухаммедов президенттикке шайлангандан бери мурдагы мамлекет башчы Сапармурад Ниязовдун доорунда калыптанган жеке адамга сыйынуучулукту жоюп жаткандай көрүнгөн. Ал эми сынчылар эми ал тескерисинче өзүнүн жеке культун жаратып жатат деп эсептешет. Маркум Сапармурад Ниязов тирүү кезинде “Баатыр” намын өзүнө үч ирет ыйгарган.

XS
SM
MD
LG