Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Сегиз журналистке Г. Павлюк сыйлыгы ыйгарылды


Кыргызстанда сыналгы, үналгы жана басма сөз багытында мыкты журналист деп таанылган 8 журналист маркум журналист Геннадий Павлюк атындагы "Чынчылдык. Эр жүрөктүк. Кесипкөйлүк" аттуу сыйлыкка татыктуу болушту.

Үналгы багытында “Азаттыктын” редактору Бурулкан Сарыгулова менен “Мир” каналынан Гүлнара Мамбеталиев сыйланышты.

Сыналгы боюнча алгачкы үч орунга КТРКнын журналисти Элнура Молдокадырова, “5-каналдан” Евгений Печурин, НТС каналынан Игорь Потанин татышты.
Басма сөз каражаттарынын арасынан «Слово Кыргызстана» гезитинин журналисти Кифаят Аскерова, «Общественный рейтинг» басылмасыннан Эрик Исраилов, "Knews" маалымат агенттигинен Аскарбек Эркебаев алдыңкы үч орунду ээлешти.

Булардан тышкары Кыргызстан-Орусия кызматташтыгына кошкон өзгөчө салымы үчүн деген негиз менен "Для Вас" гезити сыйланды.

“Евразиялыктар - жаңы толкун” кору уюштурган бул сыйлыкка жарыяланган сынактын жыйынтыгы 21-декабрда чыгарылды.

Ибрагим Рустамбек деген ат менен белгилүү кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк эс учун жоготкон абалда 2009-жылдын декабрь айында Алматы шаарында табылып, ооруканада көз жумган. Кийин ал саясий буюртманын курмандыгы катары бааланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG