Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Жалал-Абад: Батыровдун сотуна Текебаев күбө катары катышууда


Ушу тапта Жалал-Абадда өзбек улуттук маданий борбордун мурдагы жетекчиси Кадыржан Батыровдун иши боюнча соттук териштирүу жүрүп жатат. Сот жыйынына күбө катары "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин иниси Асылбек Текебаев да катышууда. Батыров 2010-жылдын май, июн айларындагы кандуу окуялар үчүн күнөөлүү делип, шаардык сот аны өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу сырттан өкүм чыгарган. Батыров элди бөлүп-жарган, сепаратисттик, улутчул ураандарды таштаган деп күнөөлөнүүдө. Батыров соттун чечимин негизсиз экенин айтып, облсотко доо арыз менен кайрылган. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG