Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:56

Пакистанда премьер соттолушу мүмкүн


Пакистан премьери Юсуф Раза Гилани Дүйнөлүк экономикалык форумда. Швейцариянын Давос шаары. 2012-жылдын 26-январы.
Пакистан премьери Юсуф Раза Гилани Дүйнөлүк экономикалык форумда. Швейцариянын Давос шаары. 2012-жылдын 26-январы.

Пакистанда Жогорку Сот өкмөт башчысын сотту сыйлабайт деп жоопко тартууга ниеттенип жатат.

Сот премьер-министр Юсуф Раза Гиланини президент Асиф Али Зардариге каршы коррупциялык кылмыш ишин кайра ачтырбайт деп күнөөлөдө.

Өкмөт мамлекет башында турганда Зардари соттолуудан иммунитетке ээ экендигин айтууда. Ошого карабастан сот Насир-ул-Мулк ушул бейшембиде Гиланиге каршы чара көрүүгө негиз бар деп билдирди.

Гиланинин адвокаты Айтзаз Ахзандын сөзү боюнча, бул чечимди апелляцияга берүү мүмкүн. Эгер сотту сыйлаган эмес деп табылса Гилани алты айга кесилип, мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажырап калышы мүмкүн. Бул өз кезегинде Пакистанда чукул шайлоо өткөрүүгө алып келет.

Гилани менен Зардари экөөнүн тең акыркы кездери Пакистандын таасирлүү армиясы менен алакасы начарлап кеткен эле. Бул мамиле былтыр жазда Пакистанда АКШнын чабуулунда ал-Каиданын жол башчысы Осама бин Ладен өлтүрүлгөндөн бери айрыкча солгундады.

Гилани Швейцариядан Зардариге каршы 1990-жылдардагы коррупциялык ишти кайра ачсын деген соттун көрсөтмөсүн аткарбаганы үчүн 19-январда Жогорку Соттун алдына келген. Швецариялык коррупциялык иш Зардаринин айланасындагы жаңжалдардын бири гана. Пакистанда ал төңкөрүш уюштуруп жатыптыр деген уу-дуу кептер да көп айтылууда, бирок Зардари өзү мындай сөздү четке каккан.

Айрым аналитиктердин айтымында, ал-каидачылар менен тымызын алакасы бар деп шектелген Пакистандын армиясы менен коопсуздук кызматтары Зардари менен Гиланини мыйзамдуу жолдор менен бийликтен четтетүүнү көздөшөт.

Бирок Зардаринын айланасында чынында да коррупциялык чыр-чатак көп. Ал 1990-93-жылдары, кийин 1996дан 2004кө чейин коррупциялык кине менен түрмөгө отуруп чыккан. Бул эки мөөнөттүн ортосундагы үч жылда, киши колдуу болгон аялы Беназир Бхуттонун өкмөтүндө бир катар кызматтарды ээлеп турган.

Зардари өзүнө коюлган айыптарды саясий максатты көздөйт деп моюнга албайт. Бирок 2003-жылы Зардари али камакта экен кезде Швейцарияда сот аны Бхутто экөөнү 15 миллион доллардык арам акчаны адалдоо ишинде күнөөлүү деп таап, алты айга кескен. Алар ошондой эле Пакистан өкмөтүнө 11 миллион доллар кайтарып берүүгө милдеттендирген.

2007-жылы Бхутто кол салууда көз жумуп, Зардари кийинки жылы Пакистан Элдик партиясынын тең төрагасы катары мамлекет башчылыгына келгенден кийин Пакистан бул кылмыш иши боюнча аракеттерин токтотуп койгон.

2010-жылы швейцариялык прокурорлор Зардари мамлекеттик кызматкер катары иммунитетке ээ болгондуктан, кылмыш ишин кайра козгой албай тургандыгын билдиришкен.

Швейцариянын акыйкаттык министри Пакистандын өкмөтү бул ишти кайра ачкыла деп расмий суранышы керек деген. Ушундан улам Пакистандын Жогорку Соту Гиланиден тийиштүү сураныч катын жиберүүнү талап кылган эле.

XS
SM
MD
LG