Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Дарыгерлер соттук-медициналык экспертизага каныгышат


Дарыгерлер менен психологдор тобу соттук-медициналык-экспертиза жүргүзүү боюнча атайын окуудан өтүшөт. Алар негизинен кыйноо, зомбулук фактыларын так аныктоо, документтештирүү, сотто көрсөтмө берүү тажрыйбасына каныгышат. 20-февралда башталып, үч күнгө созула турган окууну эл аралык эксперт жана медицина илимдеринин доктору Винсент Жакопино, философия илимдеринин доктору Александро Морено жана Америкалык дарыгерлер коллегиясынын мүчөсү Сандра Кробси өткөрөт. Анда дарыгерлер көбүнчө медициналык экспертиза жүргүзүү боюнча практикалык көнүгүүлөрдү аткарышат. Окуу “Жаштардын укук коргоочу тобу” бирикмесинин демилгеси менен ишке ашууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG