Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:16

ЕБ Сирияга жана Беларуска каршы санкцияны күчөттү


Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Сирия жана Беларус өкмөтүнө жаңы санкция жарыялады. 23-мартта кабыл алынган санкция президент Башар Асаддын зайыбы Асмага жана башка жакын он тууганына Евробиримдиктин өлкөлөрүнө кирүүсүнө тыйуу салат. Биримдик буга чейин анти-өкмөттүк козголушка каршы армия айоосуз колдонулганга байланыштуу сириялык 150 компанияга жана бийлик адамдарына ушундай чара колдонулган.

Биримдиктин тышкы иштер министрлери жума күнү 29 фирманын жана өкмөттүк 12 адамдын уюмга мүчө 27 өлкөгө каттоосуна тыйуу салды. Беларус оппозициясын куугунтуктоого байланыштуу мурда 230 беларус чиновниги бул кара тизмеде болчу. Ирандын талаштуу ядролук программасын токтотуу максатында ирандык ырасмий адамдарга каршы да Евробиримдик санкция колдонору айтылууда.

XS
SM
MD
LG