Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Селден зыян тарткан турак-жайдын саны өстү


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында өткөн аптада селдин кесепети кеминде миңге чукул турак-жайга тийди. Аймактарда суу каптаган үйлөрдү тазалоо, суу каналдарын жана жолдорду оңдоп-түзөө иштери уланууда. Өткөн апта ичи Баткендин Лейлек, Баткен райондорунда, Оштун Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат, Араван жана Жалал-Абаддын Базар-Коргон, Сузак, Ала-Бука, Ноокен, Аксы райондорунун айрым айылдарында сел жүргөн. Азырынча табигый кырсыктан кийинки материалдык чыгымдар эсептелинип бүтө элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG