Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Египеттеги чөлдө Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы учак табылды


Британ маалымат каражаттары кабарлаганына караганда, Египеттеги чөлдө Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы учак табылды. Киттихок П - 40 учагы Британ Падышалыгынын Аба күчтөрүнө таандык болчу. Аны польшалык мунай жумушчулары кокусунан таап алышкан. Мындан 70 жыл мурун кулап түшкөн учак жакшы сакталыптыр. Пилоттун кабинасы, андагы жабдыктар дээрлик ошол эле бойдон калган.

Британиялык тарыхчы Энди Саундерстин айтымында, бул табылга авиация үчүн Тутанхамондун мүрзөсүнүн табылышына тете. Денис Коппинг аттуу пилот учак кулаганда аман калып, бирок кийин чөлдө каза болгон деп болжолдонууда. Анын сөөгү табылган эмес. Коппинг 1942-жылы Египетте жайгашкан эскадрондун мүчөсү болчу. Алар нацисттердин маршалы Эрвин Роммелдин күчтөрүнө каршы күрөшкөнү тарыхта белгилүү.

XS
SM
MD
LG