Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:50

Мектеп окуучулары тарткан тасмалардын сынагы өтүп жатат


Бишкекте “Бир дүйнө - Кыргызстан” эл аралык фестивалынын алкагында мектеп окуучулары арасында социалдык кыска тасмалардын сынагы өтүп жатат. Бул тууралуу фестивалдын Кыргызстандагы уюштуруучусу - “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун өкүлү Лира Исмаилова билдирди.

Маалыматка ылайык, конкурска Бишкектеги 9 мектептин окуучулары катышууда. Алар социалдык көйгөйлөрдү чагылдырган ар кыл мазмундагы кыска роликтерди тартышкан.

Уюштуруучулардын айтымында, сынактын максаты коомдогу көйгөйлөрдү окуучулардын көз карашы аркылуу чагылдыруу.

“Бир дүйнө Кыргызстан” эл аралык фестивалы жалпы адам укугуна байланыштуу маселелерди тасма аркылуу көрсөтүп, чечүүнү көздөгөн маданий иш-чара. Ал быйыл сентябрда Кыргызстанда алтынчы ирет өткөрүлгөнү жатат. Фестивалда адам жана жарандык укук, балдар, аялдар укугу боюнча маселелерди чагылдырган тасмалар көрсөтүлөт. (BkA)

XS
SM
MD
LG