Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

Баткен: Тажикстанга кара май ташыгандардын жолу буулду


Бүгүн Баткен облусу аркылуу коңшу Тажикстан тарапка бараткан 12 оор жүк ташуучу унаа келаткан тарабы көздөй кайра жөнөтүлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Баткен облустук мамлекеттик администрациянын маалымат катчысы Кубатбек Айбашов билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн токтомунун негизинде 30-майдан бери Кызыл-Кыяда жана Пүлгөндө атайын эки пост ачылды. Андагы милиция, жергиликтүү бийлик жана унаа кызматкерлери тажик тарапка бараткан оор жүк ташуучу унааларды токтотуп, өткөрбөй жатат.

"Азаттыкка" өзүн Мусабай Момуналиев деп тааныштырган жергиликтүү тургун "Кадамжайда 500 киши чогулуп, 46 унааны кайра Бишкекти көздөй жөнөттүк" деп айткан болчу.

Бирок обладминистрациянын маалымат катчысы Кубатбек Айбашов 46 эмес, 12 унаа экенин, аларды эл эмес, өкмөттүн токтомун аткарып жаткан пост кызматкерлери кайра жөнөткөнүн айтты:

"Эл көп чогулган эмес, беш-алтоо чыгып посттогуларга машиналарды өткөрбөгүлө дешкен", - деди Айбашов.

Кадамжай аркылуу Тажикстанга өткөн 40-60 тонналык оор жүк, айрыкча кара май ташуучу унаалар жолдорду бузуп жатканына байланыштуу жергиликтүү эл буга чейин бир нече жолу нааразылыгын айтып келген. (RK)

XS
SM
MD
LG