Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:33

Краснодарлыктар суу ташкын коркунучу боюнча алдын-ала кабардар болгон эмес


Бул тууралуу Орусиянын чукул кырдаалдар министри Владимир Пучков билдирип, иштеги мындай алешемдик үчүн жергиликтүү атайын кызматтардын жетекчилерин сындады. Президент Владимир Путин Москвада өкмөттөгү аткаминерлер менен жолугушууда кырсыктын себептери иликтене тургандыгын билдирди:

- Кырсыктын түпкү себеби - табигый экендиги белгилүү. Бирок ага карабастан, атайын кызматтар кандай иштегендигин, алдын-ала кабардар кылуу гана эмес, гидро-техникалык жактан кандай чаралар көрүлгөндүгүн же көрүлбөй калгандыгын өтө дыкаттык менен иликтеп чыгуу зарыл.

Соңку маалымат боюнча өткөн аптанын этегиндеги суу ташкында 170тен ашуун адам набыт болуп, 22 миңдей тургундар жабыркады. Дайынсыздар тууралуу маалымат текшерилүүдө.

Набыт кеткендердин көпчүлүгү Крым районунун жашоочулары. Орусияда болсо өлкө боюнча аза күтүү күнү.

XS
SM
MD
LG