Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:07

Быйыл Кыргызстанда күйүүчү май таңкыстыгы күтүлбөйт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеев билдирди. Анын маалыматына ылайык, Кыргызстандын президенти Орусиянын жетекчилиги менен сүйлөшүп, былтыркыга салыштырмалуу 30 пайызга көп күйүүчү май сатып алууну макулдашты.

- Былтыр 850 миң тонна күйүүчү май сатып алсак, быйыл 1 миллион 50 миң тонна күйүүчү май алынып келинет. Алты айдын ичинде 480 миң тонна май ташып келген элек. Мында Бажы кызматы менен бир аз келишпестиктер болгон. Эми жыл аягына чейин баарын ташып алабыз жана күйүүчү май тартыштыгы болбойт.

Жумакадыр Акеенев өкмөттүн 40 тоннадан ашык май ташыган чоң машинелерди магистралдык жолдордо жүрүүсүн тыюу салган токтому жокко чыгарылганын маалымдады. "Мындан улам өлкө боюнча күйүүчү майдын тартыштыгы сезилет деп кооптонууга негиз жок", - дейт ал.

Буга чейин магистралдык жолдордо автоунаалардын көлөмүнө жана салмагына чектөөлөрдү киргизилген. Ошондон улам өлкө боюнча магистралдарда кеминде 300дөй май ташуучу машине токтотулуп, күйүүчү май жер-жерлерге жетпей, анын айынан май тартыштыгы пайда болгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG