Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Сирия: өкмөттүк күчтөр Алеппону бомбалоону улантууда


Жекшемби күнү Сирия армиясы өлкөнүн соода борбору Алеппонун бир катар аймактарын бомбалады жана козголоңчулар менен катуу кагылышуулар болду. Бул жөнүндө Сирия оппозициясы билдирди. Ишемби күнү негизги көтөрүлүшчү топтор өз базаларын Түркиядан Сириянын борбору Дамаскиге көчүрүшкөнүн маалымдашкан.
Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктарына байкоо жүргүзгөн уюм өкмөттүк аскерлер 23-сентябрда түндүктөгү Идлиб, түштүктөгү Дараа жана ортолуктагы Хомс провинциясынын ар-Растан шаарын тынбай аткылаганын кабарлады.

Ишемби күнкү кагылыштарда 200дөй адам өлгөнүн оппозиция билдирген.

Ал ортодо демократиялык өзгөрүүлөр үчүн улуттук координациялык орган алдына бириккен Сириянын оппозициясы бийликтен да, козголоңчулардан да ок атууну тезинен токтотууга чакырды.

XS
SM
MD
LG