Бүгүн парламентте экинчи окууда кабыл алынган кыз ала качууга каршы мыйзам долбоорунда эч кандай жаңы санкция жок. Болгону - кыз уурдоону адам уурдоого теңештирүү максаты көздөлөт. Бул тууралуу бүгүн аталган мыйзам долбоорунун автору, депутат Айнуру Алтыбаева билдирди.
"Мал уурдоо боюнча биз 11 жылга деп добуш бергенбиз. Эмне үчүн кыз уурдоо боюнча 3 жыл же айыппул менен чектелишибиз керек", - деди депутат.
Жогорку Кеңеш кыз ала качкандарды жазалоону катуулатуу боюнча мыйзам долбоорун бүгүн экинчи окууда кабыл алды. Эми үчүнчү окуу жана президенттин кароосу калды.
"Айкын багыт" уюмунун жетекчиси Мунара Бекназарованын айтымында, азыр кыз ала качкандарды жазалоо үчүн Кылмыш кодексинин 155-беренеси колдонулат. Ал боюнча кылмышкерди үч жылга чейин эркинен ажыратып же административдик айыпка жыкса болот. Бирок бул берене дээрлик иштебейт. Эгер сунушталып жаткан мыйзам добоору колдоо тапса, жазаны катуулатып, 10 жылга чейин эркинен ажыратса болот.
Аялдардын укугун коргогон бейөкмөт уюмдардын билдиргенине караганда, жыл сайын Кыргызстанда 13-15 миң кызды ала качып, үй-бүлө курууга мажбурлашат. Буга байланыштуу милицияга кайрылгандардын саны былтыр 9 гана болгон. Себеби кыздар өз укугун билбейт жана ала качкан адамды жазалоо мүмкүн экенине ишенбейт. Ала качууга байланыштуу Ысык-Көл облусунда жакында өткөрүлгөн иш-чарада 2010-жылдан бери бул облуста 3 кыз ала качкан жерде жашагысы келбей, өз жанын кыйганы маалым болгон. (RK)