Талиптердин Ооганстандын түндүгүндөгү бийик даражалуу командири Молдо Абдул Рахман Ооган полициясы менен НАТО күчтөрү чогуу өткөргөн операция маалында колго түшүрүлдү. Операция өткөн жума күнү болуп, ага Ооган полициясынын тандалма бөлүгү жана Германия аскерлери катышканын Кундуз провинциясынын полициясы кабарлады. Маалыматта Молдо Абдул Рахман Кундуз, Тахар жана Бадахшан провинцияларындагы чабуулдарга тиешеси бар экени, ошондой эле талиптердин Кундуздагы көмүскө өкмөтүн жетектегени айтылат. Германиянын масс-медиасы Рахман немис жоокерлеринин өмүрүн алган кол салууларды уюштурган деп шектелип жатканын билдирди. Германия Ооганстандагы НАТО башындагы коалициялык күчтөрдүн курамына эң көп аскер жиберген үчүнчү өлкө.