Баткен облусунун аймагындагы 179 шайлоо участогунда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ар бирине экиден милиция кызматкери, үчтөн элдик кошун өкүл тартылат. Бул тууралуу «Азаттыкка» облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Облустук милициянын маалыматына караганда, добуш берүү күнү жана шайлоо жыйынтыгы жарыяланганга чейин ички иштер кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт. Облус боюнча 5 миңдей киши жергиликтүү кеңешке талапкер катары катталган. Кыргызстанда жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо 25-ноябрда өтөт. (JsA/RK)