Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Сасык тумоо боюнча өсүш байкала элек


Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандардын санында өсүш быйылкы күздө азырынча байкала элек. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, азыр абал туруктуу. Жума сайын 1,5 миңден 2,5 миңге чейин ооругандар катталууда.

Дарыгерлердин айтымында, сасык тумоого чалдыккандардын саны жылдагыдай эле декабрдан феврал, мартка чейинки мезгил аралыгында көбөйүшү мүмкүн. Сасык тумоонун А, В жана С деген үч түрү бар. В жана Сга караганда А деген түрүнөн адам көбүрөөк жапа чегет.

Былтыр кыш башталганда Кыргызстан боюнча 21 миң киши сасык тумоодон милдеттүү түрдө эмделген. Алар балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, карылар үйүндө жашагандар, тез жардамда, ооруканаларда жана бейтапканада иштегендер. (RK)

XS
SM
MD
LG