Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:53

Владислав Челах өмүр бою эркинен ажыратылды


20 жаштагы казак чек арачысы Владислав Челах Казакстандын Арканкерген чек ара бекетинде он төрт кызматташын жана бир токойчуну атып өлтүргөнү үчүн Талдыкоргон соту аны өмүр бою эркинен ажыратты. 15 кишинин өлүгү май айында өрттөлүп салынган бекеттен табылган эле. Челах башында аларды өлтүргөм деп көрсөтмө берип, кийин андан баш тарткан. Ал сотто тергөөдө кысым болгондуктан күнөөнү мойнуна алгандыгын, бекетке сырттан бирөөлөр кол салгандыгын айткан эле.

Челахтын жакындары соттун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен жогорку сот бутактарына кайрылышарын билдиришүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG