Бишкек шаарында өрт кырсыгы бир адамдын өмүрүн жалмады. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, Мичурин көчөсүндө жайгашкан №60 үйдө ушул түнү өрт чыккан. Батир ээси, 1965-жылы туулган Петр Чулковдун түтүнгө ууланган сөөгү табылган. Адистердин божомолунда, кырсыкка электр жабдууларын куроодо коопсуздук эрежелеринин сакталбай калганы себеп болушу мүмкүн. (RK)