Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Индияда зордукталган студент жан берди


Жаалданган эл кызды зордуктагандарды өлүм жазасына өкүм кылууну талап кылышкан, Нью-Дели, 22-декабр, 2012
Жаалданган эл кызды зордуктагандарды өлүм жазасына өкүм кылууну талап кылышкан, Нью-Дели, 22-декабр, 2012
Нью-Делиде автобуста алты киши зордуктаган 23 жаштагы кыз бүгүн эртең менен Сингапурдагы ооруканада жан берди. Кечээ аны бул жакка алып келишкенде абалы “өтө оор” экени кабарланган эле. Индиянын Сингапурдагы Жогорку комиссары Рагахаван кыздын өмүрүн сактоого аракет кылгандарга ыраазычылык билдирди.

"Өзүңүздөр билгендей, Индиянын өзүндө да, Сингапурда да бул кыздын өмүрүн сактап калыш үчүн болгон аракет көрүлдү. Бирок анын жарааттары өтө оор болчу. Анын үй-бүлөсү, албетте, азыр бул окуядан сынып турат", - деди Рагахаван.

Кылмышкерлердин тобу ал кызды 16-декабрда зөөкүрлүк менен зордуктагандан кийин окуя өлкөдө кескин нааразылыкты жаратып, массалык, кээде кандуу демонстрацияларды тутанткан. Эл өкмөттөн аялдарды коргош үчүн катуу чараларды көрүүнү, айрымдары ошол алты кишини өлүм жазасына тартууну талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG