Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:48

Президент акыйкатчы менен адам укугун коргоо маселелерин талкуулады


Балдар менен улгайган адамдардын жана майыптардын укугун коргоого өзгөчө көңүл бурулушу керек. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн акыйкатчы Турсунбек Акун менен жолукканда айтты. Акыйкатчынын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, бир топ маселелер талкууланды:

Адам укугуна байланыштуу көптөгөн маселелреди талкууладык. Бул багытта кандай көйгөй болсо жардам берээрин айтты.

Турсунбек Акундун айтымында, ал абакта жаткан депутаттар боюнча өз алдынча мониторинг жүргүзүп жатканын президентке билдирди. Алмазбек Атамбаев соттун ишине кийлигишпей турганын айтты.

Былтыр 3-октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен ушу тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында оппозициялык "Ата-Журт" партиясынын үч лидери жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG