Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:32

Ошто балдарына ВИЧ жуккан ата-энелер өкмөткө кайрылды


Бүгүн Ош шаардык мэриясынын алдына жыйырмадай киши чогулду. Алар өзүлөрүн ооруканада дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан ВИЧ инфекциясы жуккан балдардын ата-энеси экенин айтты. Өкмөт аларга үй берүүсүн талап кылды.

Нааразылык акциясына чыккандарды шаар башчы Мелис Мырзакматов кабыл алды.

Митингчилердин биринин "Азаттыкка" айтымында:

Балдарга 3-3,5 миң сомго чейин жөлөкпул чыгарылган. Аны алып жатабыз, бирок ал тамак-ашынан эле ашпайт. 23 адам азыр турак-жайга өтө муктаж болуп жатабыз.

Расмий маалымат боюнча, Ош облусунда дарыгерлердин шалаакылыгынан ВИЧ инфекциясы жуккан балдардын саны 167. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG